Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 14/1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 270 жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 22-23-декабрында Бишкек шаарында өтө турган кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча айыл аймагында боло турган жыйындардын графигин, жумушчу комиссиянын курамын жана жыйындарга жооптуу депутаттарды жана айыл башчыларды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-”Элдик Курултайдын укуктук статусу жөнүндө” бөлүгүн Элдик Курултайды өткөрүү жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №16 чечимин жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл аймагындагы айылдардан элдик өкүлчүлүктүү жыйынга катыша турган өкүлдөрдүн төмөндөгү сандык курамы бекитилсин.
1. Жийде айылы - 5 өкул.
2. Тоготой айылы - 11 өкүл.
3. Жаны-Талап айылы - 8 өкүл.
4. Октябрь айылы - 12 өкүл.
5. Ынтымак айылы - 3 өкүл.
6. Кара-Кочкор айыл - 19 өкүл.
7. Сары-Булак айылы - 9 өкүл.
8. Ак-Кыя айылы - 13 өкүл.
Жалпы: 80 өкүл.
2. Кара-Кочкор айыл аймагындагы айылдардан элдик өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү көрсөтүү жана IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоолорду өткөрүүгө байланыштуу тиешелүү иш-аракетерди камсыздоо боюнча жумушчу комиссиясынын курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жыйындары өткөрүүнүн графиги жана жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттар жана айыл башчылар №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Мухамедысак уулу Э. |