Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын кезексиз он төртүнчү сессиясы

 

2025-жылдын 10-октябры № 14/2

Кара-Кочкор айыл аймагындагы Тоготой айылында жайгашкан №17 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын өкмөттүн балансынан М.Жунусов атындагы Кара-Кулжа райондук Жалпы дарыгердик практика борборунун балансына өткөрүп берүү жөнүндө

 

          Кара-Кочкор айыл аймагындагы Тоготой айылында жайгашкан №17 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Б.Кармышаковдун 18.08.2025-жылдагы өтүнүч катын жана  Тоготой айылында жайгашкан №17 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын айыл өкмөттүн балансынан М.Жунусов атындагы Кара-Кулжа райондук Жалпы дарыгердик практика борборунун  балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү Тоготой айылынын элдик жыйынынын 18.08.2025-жылдагы №5 протоколун карап жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кара-Кочкор айыл аймагындагы Тоготой айылында жайгашкан №17 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты айыл өкмөттүн балансынан М.Жунусов атындагы Кара-Кулжа райондук Жалпы дарыгердик практика борборунун балансына өткөрүлүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага тапшырылсын.

 

 

Төрага  

Мухамедысак уулу Э.