Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 14/3
Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттине республикалык бюджеттен 8 074 875 (сегиз миллион жетимиш төрт миң сегиз жүз жетимиш беш) сом өлчөмүндөгү максаттуу трансфертти алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинентинин 2025-жылдын 16-октябрындагы №896-т тескемесин жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калкты тейлөө борборун капиталдык оңдоп, түзөө иштерин жүргүзүү үчүн, республикалык бюджеттен 8 074 875 (сегиз миллион жетимиш төрт миң сегиз жүз жетимиш беш) сом өлчөмүндөгү максаттуу трансфертти жергиликтүү бюджетке кириштелсин жана өз максаты боюнча пайдаланылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э. |