Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 14/5
Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Респбуликасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 санду “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын II бөлүмүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү, 34”-Айылдык Кенештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, 2-“Жергиликтүү бюджеттин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдаланышы жөнүндөгү”, 3-“Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндөгү бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралсын.
2. Ушул көрсөтүлгөн 736 100 (жети жүз отуз алты миң бир жүз) сом акча каражатын айыл өкмөттүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип берүү жагы райондук Финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э. |