Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-ноябры № 15/5
Тоготой айылындагы Ш.Бокоева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын капиталдык ондоп, түзөө иштери үчүн Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Респбуликасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 санду “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын II бөлүмүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү, 34”-Айылдык Кенештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, 2-“Жергиликтүү бюджеттин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдаланышы жөнүндөгү”, 3-“Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндөгү бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоготой айылындагы Ш.Бокоева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмун имаратын капиталдык ондоп, түзөө иштерине өздүк салым үчүн Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинен 762 200 (жети жүз алтымыш эки миң эки жүз) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э. |