Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-августу № 6/1
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаны лизинг аркылуу алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 25-июль 2025-жылдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жөнүндөгү” №633-т тескемесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 31-июль 2025-жылдагы “Айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаны лизинг аркылуу алууга уруксат берүү жөнүндөгү” сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаны лизинг аркылуу алууга макулдук берилсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаны лизинг аркылуу алууга жергиликтүү бюджеттен келишимдин негизинде акча каражаты бөлүнсүн.
3.Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Б.Эрмекбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Топчубаева |