Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-августу № 6/2
Кара-Кулжа айыл аймагынын 2025-жылдан 2030-жылдарга түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20 - октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын “Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу жөнүндөгү” 34-беренесинин 3-бөлүмчөсүн, Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин 88 беренесин жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айыл аймагынын 2025-жылдан 2030-жылга чейин түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү планы (СЭӨП)жөнүндөгүайыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл аймагынын 2025-жылдан 2030-жылдарга түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү программасы (СЭӨП) бекитилсин.
2. Айыл аймагынын 2025-жылдан 2030-жылга чейин түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү программасында (СЭӨП) камтылган иш чаралардын аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Б.Эрмекбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Топчубаева |