Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-августу № 6/3
Үй жанындагы короо жай жана багбанчылык огород жер салыгынын (К3) зоналык коеффициенттинин өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын “Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана женилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” 34-беренесинин 4-бөлүмчөсүн жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404-беренесине ылайык аталган берененин 1-бөлүгүндө белгиленген жер салыгынын өлчөмдөрүн дифференциялоо боюнча үй жанындагы короо жай жана багбанчылык огород жер участогунун зоналдык коэффициенттинин өлчөмүн бекитип берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн 16-июль 2025-жылдагы № 2/705 өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үй жанындагы короо жай жана багбанчылык огород жер салыгынын (К3) зоналык коеффициентти (Кз) 2,0гө бекитилсин.
2.Зоналык коэффицент (Кз) 2.0 өлчөмү 2026-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Б.Эрмекбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Топчубаева |