Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз онунчу сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 13-ноябры № 10/1
Ой-Тал айыл аймагындагы муниципалдык маанидеги обьекттерди жана көчөлөрдү атоо жана кайра атоо жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын башчысынын Ой-Тал айыл аймагындагы муниципалдык маанидеги обьекттерди жана көчөлөрдү атоо жана кайра атоо жөнүндө жобону бекитүү боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагындагы муниципалдык маанидеги обьекттерди жана көчөлөрдү атоо жана кайра атоо жөнүндө жобо бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Ой-Тал айыл өкмөтү Ой-Тал айыл аймагындагы муниципалдык маанидеги обьекттерди жана көчөлөрдү атоо жана кайра атоодо бекитилген жобону жетекчиликке алсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Үркүнов) милдеттендирилсин.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |