Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз
он биринчи сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 24-ноябры № 11/2
Ой-Тал айыл аймагынын Ничке-Суу айылындагы “Ничке-Суу” башталгыч мектебинин имаратына мектепке чейинки билим берүү уюмун ачууга макулдук берүү жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын Ничке-Суу айылындагы “Ничке-Суу” башталгыч мектебинин имаратына мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу боюнча Ой-Тал айыл аймагынын башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагынын Ничке-Суу айылындагы “Ничке-Суу” башталгыч мектебинин имаратына мектепке чейинки билим берүү уюмун ачууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Ой-Тал айыл аймагынын башчысы С.Аматбек уулуна тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( Э.Үркүнов) тапшырылсын.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |