Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз
он биринчи сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 24-ноябры № 11/3
Ой-Тал айыл аймагынын Ничке-Суу айылындагы “Ничке-Суу” башталгыч мектебинин имаратына мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу боюнча Кара-Кулжа өнүктүрүү фондуна жазылган долбооруна өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын Ничке-Суу айылындагы “Ничке-Суу” башталгыч мектебинин имаратына мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу боюнча Кара-Кулжа өнүктүрүү фондуна жазылган долбооруна жана өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагынын Ничке-Суу айылындагы “Ничке-Суу” башталгыч мектебинин имаратына мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу боюнча Кара-Кулжа өнүктүрүү фондуна жазылган долбоору үчүн өздүк салым катары Ой-Тал айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинен 211 000 (эки жүз он бир миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |