Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз
он экинчи сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 30-декабры № 12/1
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24.11.2025-жылдагы №11/5 “Ой-Тал айыл аймагына оор жүк ташуучу автоунаа сатып алуу максатында Кара-Кулжа өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24.11.2025-жылдагы №11/5 “Ой-Тал айыл аймагына оор жүк ташуучу автоунаа сатып алуу максатында Кара-Кулжа өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24.11.2025-жылдагы №11/5 токтомунун 1-пункту төмөндөгүдөй болуп окулсун.
- Ой-Тал айыл аймагына оор жүк ташуучу автоунаа сатып алуу максатында Кара-Кулжа өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорго өздүк салым катары Ой-Тал айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинен 1 623 510 (Бир миллион алты жүз жыйырма үч миң беш жүз он) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулуна милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |