Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз
он экинчи сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 30-декабры № 12/2
Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2025-жылга каралган лимитинен ашыкча пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөмдү жергиликтүү бюджеттен каржылоосун карап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2025-жылдын лимитинен ашыкча пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөмдү жергиликтүү бюджеттен каржылоосун карап берүү тууралуу Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Алтынбек кызынын маалыматын, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Берилген лимиттен ашыкча пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөмдүн суммасын Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджеттик планына киргизип берүү жагы КРФМ Кара-Кулжа каржы башкармалыгынан суралсын.
2. Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2025-жылдын лимитинен ашыкча пайдаланылган электр энергиясы үчүн 62 089,43 (алтымыш эки мин сексен тогуз ) сом акча каражатын Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасына 2025-жылдын бюджетинин кошумча түшкөн кирешесинен төлөп берүү милдеттендирилсин.
3. Бюджетке толуктоолорду киргизүүдө тиешелүү документтерди даярдап райондук каржы башкармалыгына тапшыруу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Алтынбек кызына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |