Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз
он экинчи сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 30-декабры № 12/4
Ой-Тал айыл аймагынын Көңдүк айылындагы “Кулун-Ата” көчөсүнө Туйасов Жумабектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар” жөнүндө мыйзамынын жана “Ой-Тал айыл аймагындагы муниципалдык маанидеги обьекттерди жана көчөлөрдү атоо жана кайра атоо жөнүндө жобонун” талаптарына ылайык, Ой-Тал айыл аймагынын Көңдүк айылындагы “Кулун-Ата” көчөсүнө ысым ыйгаруу боюнча Көңдүкайылынын айыл башчысы Ж.Маатовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ой-Тал айыл аймагынын Көңдүк айылынын “Кулун-Ата” көчөсүнүн жашоочуларынын 14.03.2025-жылдагы № 1 протоктолунун негизинде, “Туура-Суу” көчөсүнө Туйбасов Жумабектин ысымы ыйгарылсын.
2.Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Ой-Тал айылы аймагынын башчысы С.Аматбек уулуна тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( Э.Үркүнов) тапшырылсын.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |