Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги
он үчүнчү сессиясынын жыйналышы
2026-жылдын 29-январы № 13/1
Ой-Тал айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” ардак наамын ыйгаруу боюнча кабыл алынган жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” ардак наамын ыйгаруу боюнча кабыл алынган жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Ой-Тал айыл аймагынын башчысынын орун басар-жооптуу катчысы А.Бакашованын маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 10.10.2025-жылдыгы № 9/3 токтому менен бекитилген, Ой-Тал айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” ардак наамы тууралуу жобонун 3-бөлүмүнүн 6-пункту төмөндөгүдөй окулсун:
- ар жылы наам бир же бир нече адамга ыйгарылышы мүмкүн. Бирок жыл ичинде эң көп дегенде 5 адамга чейин ыйгаруу сунушталат;
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Үркүнов) милдеттендирилсин.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |