Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги
он үчүнчү сессиясынын жыйналышы
2026-жылдын 29-январы № 13/2
2025-жылдын жыйынтыгы менен Ой-Тал айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” ардак наамын ыйгаруу жөнүндө
2025-жылдын жыйынтыгы менен Ой-Тал айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” ардак наамын ыйгаруу боюнча комиссиянын төрайымы Ой-Тал айыл аймагынын башчысынын орун басар-жооптуу катчысы А.Бакашованын маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ой-Тал айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” ардак наамы тууралуу Жобого жана ардак наамды ыйгаруу боюнча комиссиянын сунушуна ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы менен Ой-Тал айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” ардак наамы төмөндөгү атуулдарга ыйгарылсын:
1) Акматов Советбек Акматовичке, Ош мамлекттик университетинин Бизнес-менеджмент факультетинин деканы, ОшМУнун ардактуу кызматкери, Ош областтык “Билим, маданият, спорт жана ден соолук коомдук фондунун” жетекчиси, агартуу тармагында жана өзүнүн натыйжалуу эмгек жолунда билим берүү, илим, маданият жана коомдук турмуштун өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, башкалардан профессионалдуулугу, жоопкерчилиги жана жалпы республикалык деңгээлдеги коомдук жана социалдык долбоорлорду ишке ашырып, жаштардын илимге, маданиятка жана коомдук турмушка кызыгуусун арттырып, коомдук өнүгүүгө өбөлгө түзгөндүгү үчүн;
2) Алимова Маша Мойдуновага, Кыргыз республикасынын “ Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси, билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгек тажрыйбасы жана жогорку профессионалдуулугу менен окуучуларга сапаттуу билим берүүдөгү, алардын билимге кызыгуусун арттыруудагы жана тарбиялык иштерди жүргүзүүдөгү активдүүлүгү, аялдар кеңешинин жана айылдык ден-соолукту чыңдоо комитетинин төраймы катары аялдардын коомдогу ролун күчөтүү, социалдык жана маданий долбоорлорду ишке ашыруу, коомдук ишмердүүлүктү жогорулатуу багытында жасалган эмгеги, ошондой эле “Улуу Журт” кайрымдуулук фондунун мүчөсү катары кайрымдуулукка, боорукерликке жана коомдук жоопкерчиликке үндөгөн маанилүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга кошкон зор салымы үчүн;
3) Алипсатаров Токтомамет Алтынбаевичке, Кыргыз республикасынын “ Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси, көп жылдар бою билим берүү жана жетекчилик тармакта үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды окутуп-тарбиялоого, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошкон олуттуу салымы, коомдук иштерде демилгелүүлүгү, ак ниеттүүлүгү, сабырдуулугу жана жогорку моралдык сапаттары менен эл арасында чоң кадыр-баркка ээ болуп, тажрыйбалуу мугалим жана айылдык кеңештин депутаты катары жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жана айыл элинин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө кошкон эмгеги үчүн;
4) Мамаков Шайлообай Мамаковичке, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын 1986-жылдагы ХVIII, 1990-жылдагы ХIХ сьездеринин делегаты, бир топ мамлекеттик сыйлыктардын ээси, көп жылдар бою эл чарбасын өнүктүрүүгө активдүү катышып, ак ниет эмгеги, жогорку жоопкерчилиги, уюштуруучулук жөндөмү жана принципиалдуу позициясы менен эл арасында чоң кадыр-баркка ээ болуп, өзүнүн ишмердүүлүгү жана бийик адамгерчилик сапаты менен жаш муундарга үлгү болуп, айыл аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымы үчүн;
5) Ысаков Шамши ажы Ысаковичке, Ой-Тал айыл аймагынын Сары-Бээ айылында 47 жыл имамдык кызматты аркалап, эл арасында чоң кадыр-баркка ээ болуп, урмат сыйга татып, айыл элинин руханий тарбиясына, ынтымак-биримдигине жана жана адеп-ахлактык баалуулуктардын сакталышына кошкон зор салымы, элди ыймандуулукка, сабырдуулукка, боорукерликке жана тынчтыкка чакырууда, жаштарга туура тарбия берүүдө, эл ичиндеги талаш-тартыш маселелерди адилеттү чечүүдө жана коомдун ынтымагын бекмдөөдө жасап жаткан опол тоодой эмгеги үчүн;
2.Жогорудагы Ой-Тал айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” ардак наамы ыйгарылган аттулдардын тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Ой-Тал айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Үркүнов) милдеттендирилсин.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |