Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги
он үчүнчү сессиясынын жыйналышы
2026-жылдын 29-январы № 13/3
Ой-Тал айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Кичи Талды-Суу участкасына айыл макамын берүү жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентинин 2-бөлүгүнүн 2-беренесинин 6-пунктунун негизинде, Ой-Тал айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Кичи Талды-Суу участкасына айыл макамын берүү жөнүндө Ой-Тал айыл аймагынын башчысынын орун басар-жооптуу катчысы А.Бакашованын маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Кичи Талды-Суу участкасына айыл макамын берүүгө макулдук берилсин.
2.Айыл макамын алууга тиешелүү документтерди даярдап, Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясына тапшыруу жагы Ой-Тал айыл аймагынын башчысы С.Аматбек уулуна тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Үркүнов) милдеттендирилсин.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |