Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги
он үчүнчү сессиясынын жыйналышы
2026-жылдын 29-январы № 13/4
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн аймагында жайыт акылардын
бирдиктүү баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин негизинде, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентинин 2-бөлүгүнүн 2-беренесинин 4-пунктунун талаптарына ылайык, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагынын аймагында ар бир баш бодо малга жайыт акы:
а) жазгы жайыт үчүн (март, апрель, май айлары) 30 (отуз) сом;
б) жайкы жайыт үчүн (июнь, июль, август айлары) 30 (отуз) сом;
в) күзгү жайыт үчүн (сентябрь, октябрь, ноябрь айлары) 30 (отуз) сом;
г) айыл аймагынан сырттан келген бодо мал үчүн 300 (үч жүз) сом;
Айыл аймагынын аймагында ар бир баш жандык малга жайыт акы:
а) жазгы жайыт үчүн (март, апрель, май айлары) 10 (он) сом;
б) жайкы жайыт үчүн (июнь, июль, август айлары) 10 (он) сом;
в) күзгү жайыт үчүн (сентябрь, октябрь, ноябрь айлары) 10 (он) сом;
г) айыл аймагынан сырттан келген жандык мал үчүн 70 (жетимиш) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2.Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Ой-Тал-Таза-Суу-Жайыт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Рыскуловго, пайдаланылуучу жайыт участоктору учун жер салыгын, жайыт акыларын жыйноодон келип тушкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, азык түлүк, жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология, жаратылышты коргоо, курулуш, транспорт, өнөр жай соода, ишкердуулук, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына (Д.Тайчиев) жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |