Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги
он үчүнчү сессиясынын жыйналышы
2026-жылдын 29-январы № 13/5
2025-жылдын жыйынтыгы менен Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентинин 2-бөлүгүнүн 2-беренесинин 2 жана 5-пунктарынын талаптарына ылайык, Ой-Тал айыл аймагынын социалдык–экономикалык абалын көтөрүү максатында Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун 2025-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагынын социалдык–экономикалык абалын көтөрүү максатында Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулдун 2025-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматы «Канааттандырарлык» деп белгиленсин.
2.2026-жылдын ичинде Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Аматбек уулу Сүймөнкулга төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
- айыл өкмөттүн 2025-2030-жылдарга карата Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу;
- айыл өкмөтүнүн бюджетин максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
- “Ой-Тал-Таза суу-Жайыт” муниципалдык ишкансынын ишин жөнгө салуу;
- ички чарбалык жолдордо кеңейтүү иштерин жүргүзүү;
- калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу;
- айылдарда таштанды таштоочу полигондорду уюштуруу;
- айылдарда ички көчөлөрдү жарыктандырууну колго алуу;
- айыл аймагына тартылган инвестициялардын өз убагында натыйжалуу пайдаланууну колго алуу;
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |