Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги
он үчүнчү сессиясынын жыйналышы
2026-жылдын 29-январы № 13/6
Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” талаптарына жана Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентинин 2-бөлүгүнүн 2-беренесинин 2-пунктунун негизинде Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Алтынбек кызынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2026-жылга карата Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү тендештирүүчү гранттан 23 004, 7 сом, жергиликтүү кирешеден 10 851, 2 сом, жалпы 33 855, 9 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.2026-жылга Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелеринин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1тиркемеге ылайык аныкталсын. №1 тиркемеге ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 2026 -жылга тушкон кирешелердин жана гранттардын чегинде каржылануусу белгиленсин.
3.Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү мекеме-уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрдүн бааларынын деңгээлин, инфляциянын болуп жаткан башка процесстеринин эсебинен келип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен, бул өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында каралып бекитиле тургандыгы белгиленсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Алтынбек кызына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |