Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги
он үчүнчү сессиясынын жыйналышы
2026-жылдын 29-январы № 13/7
Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгымдоо болбой калган киреше каражаттарын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетине бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” талаптарына ылайык Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгымдоо болбой калган киреше каражаттарын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетине бекитүү боюнча Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Алтынбек кызынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгымдоо болбой калган 4 879,9 сом киреше каражаттары айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетине кошумча бекитилсин.
2. Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгымдоо болбой калган киреше каражаттарынын чыгашалары №1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Алтынбек кызына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сыдыков) тапшырылсын.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |