Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги
он үчүнчү сессиясынын жыйналышы
2026-жылдын 29-январы № 13/8
Ой-Тал айыл аймагында өндүрүш зонасын ачуу боюнча жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагында өндүрүш зонасын ачуу боюнча жер тилкесин трансформациялоого макулду берүү боюнча Ой-Тал айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Касымалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагынын Ой-Тал айылына караштуу Сай участкасынан өндүрүш зонасын ачуу боюнча жер тилкесин трансформациялоого макулдук берилсин.
2.Тиешелүү тарапка өндүрүш зонасын ачуу боюнча керектүү документтерди даярдап берүү жагы Ой-Тал айыл аймагынын башчысы С.Аматбек уулуна тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, азык түлүк, суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология, жаратылышты коргоо, курулуш, транспорт, өнөр жай соода, ишкердуулук, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына (Д.Тайчиев) жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Аматбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |