Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги
он үчүнчү сессиясынын жыйналышы
2026-жылдын 29-январы № 13/10
Ой-Тал айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы спорт залга ысым ыйгаруу жөнүндө
“Ой-Тал айыл аймагындагы муниципалдык маанидеги обьекттерди жана көчөлөрдү атоо жана кайра атоо жөнүндө Жобонун” талаптарына ылайык, Ой-Тал айыл аймагынын Сары-Бээайылындагы спорт залга ысым ыйгаруу боюнча Сары-Бээайылынын айыл башчысы Н.Камалдин уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ой-Тал айыл аймагынын Сары-Бээ айылынын 22.12.2025-жылдагы №18 протоколунун негизинде Ой-Тал айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы спорт залга Сыдыков Султандын ысымы ыйгарылсын.
2.Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Ой-Тал айылы аймагынын башчысы С.Аматбек уулуна тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( Э.Үркүнов) тапшырылсын.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |