Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги
он үчүнчү сессиясынын жыйналышы
2026-жылдын 29-январы № 13/11
Ой-Тал айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү тарифин бекитүү жөнүндө
Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентинин 2-бөлүгүнүн 2-беренесинин 4-пунктунун негизинде жана “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобонун” талаптарына ылайык, Ой-Тал айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү тарифин бекитүү боюнча Ой-Тал айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Касымалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ой-Тал айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү аукцион аркылуу берилип, баштапкы баасы 1 гектарына 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Ой-Тал айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнү аукцион аркылуу өткөрүү жагы айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, азык түлүк, суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология, жаратылышты коргоо, курулуш, транспорт, өнөр жай соода, ишкердуулук, байланыш, инвестиция, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына (Д.Тайчиев) тапшырылсын.
Төрага:
| К.Т. Кийизбаев |