Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-декабры №14-1
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кадыровдун сунушу Араван райондук электр тармактары (РЭТ) ишканасына жер тилкесинин өткөрүп берүү жөнүндө
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кадыров тарабынан сунуш даярдалып, Араван райондук электр тармактары (РЭТ) ишканасына айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Тепе-Коргон айылынын Беш-Кабырга участкасындагы калктуу конуш багытындагы №154 контурда жайгашкан 300,0 чарчы метр жер тилкесин ажыратып берүү жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигинин талаптарын аткаруу жана айыл аймагынын тургундарын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо боюнча сунушун, депутаттар угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тепе-Коргон айылынын Беш-Кабырга участкасындагы калктуу конуш багытындагы №154 контурда жайгашкан 300,0 чарчы метр жер аянтынын Араван райондук электр тармактары (РЭТ) ишканасына мамлекеттик кеңсе курууга макулдук берилсин.
2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн Тепе-Коргон айылынын Беш-Кабырга участкасындагы калктуу конуш багытындагы №154 контурда жайгашкан 300,0 чарчы метр жер аянтынын Араван райондук электр тармактары (РЭТ) ишканасына мамлекеттик кеңсе курууга ажратып берүүдө Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, Эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер тилкелерин максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесин берүү жагы сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы У.Кадыровго жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |