Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-декабры №14-2
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кадыровдун сунушу жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн бирдей тартибин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренеси, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2025-жылдын 6-майындагы №177 токтомун талаптарына ылайык Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөбө-Коргон айыл аймагында жашаган жарандарга жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянттарын өлчөмү 500 чарчы метр кылып белгиленсин.
2.Дөбө-Коргон айыл аймагында жашаган жарандарга жеке тартипте турак жай куруу үчун жер тилкелерин турмуш шартына жана кезекке карап берүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигина сунушталсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |