Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 4-ноябры № 7/6
Ылай-Талаа айыл аймагындагы мекемелер үчүн 2025-жылга керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.11.2011-жылдагы №694 токтому менен бекитилген “Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчёттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алуунун, жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Нускамага ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылга айыл аймагынын социалдык обьектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн бекитип берүү боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошованын кайрылуусун угуп, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына негизденип, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Т. Зулпуевтин Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү боюнча 01.01.2024-жылдан 31.12.2024-жылга чейин жүргүзгөн шайкештик аудитинин негизинде аныкталган социалдык обьектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 267,0 тонна же 1 717,5 миң сомго ашыкча жылытуу керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 58,0 тоннага же 312,9 миң сомго азайтып киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |