Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 4-ноябры № 7/7
Шаркыратма айылындагы Ж.Айтбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңыдан курулуп жаткан спорттук залынын ички ремонт иштерин бүтүрүү үчүн республикалык дем берүүчү гранттык долбоорго сунушталып жаткан долбоордун өздүк салымын айыл өкмөтүнүн бюджетинен карап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин жана Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна -“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2 - “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаркыратма айылындагы Ж.Айтбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңыдан курулуп жаткан спорттук залынын ички ремонт иштерин бүтүрүү үчүн Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган бюджетинин эсебинен 869 820 (сегиз жүз алтымыш тогуз миң сегиз жүз жыйырма) сом акча каражатын өздүк салымдан төлөп берүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошовага милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |