Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 4-ноябры № 7/9
Сары-Таш айылындагы Т.Назаров атындагы негизги мектебине интерактивдүү панель алууга Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан долбоордун өздүк салымын айыл өкмөтүнүн бюджетинен карап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин жана Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна -“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2 - “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Таш айылындагы Т.Назаров атындагы негизги мектебине интерактивдүү панель алуу үчүн Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган бюджетинин эсебинен 44 000 ( кырк төрт миң ) сом акча каражатын өздүк салымдан төлөп берүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошовага милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |