Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII сессиясы
2026-жылдын 29-январы № 7/3
Токбай-Талаа айылындагы Т.Абдыкадыров жана Т.Бекешов көчөлөрүнүн кесип өткөн туура көчөгө (маркум) Эшенбубаев Турдунун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө" Жобонун 10-пунктуна ылайык айыл аймагындагы Токбай-Талаа айылынын жашоочуларынын жалпы жамаатынын 2025-жылдын 10-декабрындагы жыйынынын № 6 протоколун карап чыгып айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токбай-Талаа айылындагы Т.Абдыкадыров жана Т.Бекешов көчөлөрүнүн кесип өткөн туура көчөгө Эшенбубаев Турдунун ысымы ыйгарылсын.
2.Эшенбубаев Турдунун ысымы ыйгарылган көчөнүн абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, үйлөргө номерлерин илдирип, түнкү жарыктандыруу, шагыл төшөө маселелерин чечип берүү, дайыма көзөмөлдөп туруу жагы анын уулу Эшенбубаев Жоодарбек Турдуевичке милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |