Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII сессиясы
2026-жылдын 29-январы № 7/4
Айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылынын Каманчы участкасындагы жана Сай айылындагы эл тарабынан курула баштап курулушу аягына чыга элек спорттук залдарын айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 1-главасынын 3-статьясынын 2-бөлүмүнө ылайык айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылынын Каманчы участкасындагы жана Сай айылындагы эл тарабынан курула баштап курулушу аягына чыга элек спорттук залдарын айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу тууралуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Рахманберди уулунун маалыматын жана айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Ылай-Талаа айылынын Каманчы участкасындагы жана Сай айылындагы эл тарабынан башталып курулушу аягына чыга элек спорттук залдарын айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Баланска кабыл алына турган спорттук залдардын балансалык баасын ыйгарым укугу бар орган аркылуу аныктатып ал боюнча зарыл болгон иш-аракеттерди жүргүзүү менен баланска кабыл алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Рахманберди уулуна милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |