Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 8- чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2025-жылдын 23-декабры №14-1
“Араван Жылуулукту камсыздоо ишканасы” муниципалдык ишканасы тарабынан кыш мезгилинде мамлекеттик, муниципалдык ишканаларга жана көп кабаттуу үйлөрүнүн тургундарын жылуулук менен камсыздоодо аткарып жаткан иштери жөнүндө
“Араван Жылуулукту камсыздоо ишканасы” муниципалдык ишканасы тарабынан кыш мезгилинде мамлекеттик, муниципалдык ишканаларга жана көп кабаттуу үйлөрүнүн тургундарын жылуулук менен камсыздоодо аткарып жаткан иштери боюнча муниципалдык ишканасынын башчысы С.С.Масардиновдун маалыматын угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесине ылайык С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Араван Жылуулукту камсыздоо ишканасы” муниципалдык ишканасы тарабынан кыш мезгилинде мамлекеттик, муниципалдык ишканаларды жана көп кабаттуу үйлөрүнүн тургундарын жылуулук менен камсыздоодо аткарып жаткан иштери жөнүндө муниципалдык ишканасынын башчысы С.С.Масардиновдун маалыматы эске алынсын.
2.“Араван жылуулукту камсыздоо ишканасы” муниципалдык ишканасына кыш мезгилинде Мамлекеттик, муниципалдык ишканаларга жана көп кабаттуу үйлөрүнүн тургундарын жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоодоосу тапшырылсын.
3. Айыл аймагынын М.Султанов жана Б.Айдаров көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрүнө жылуулук берүүдө батирлерин борбордук жылытуу тутумуна туташтыруу иштерине каражат ажыратуу жагы “Араван жылуулукту камсыздоо ишканасы” муниципалдык ишканасынан суралсын.
4. “Араван Жылуулукту камсыздоо ишканасы” муниципалдык ишканасына карамагындагы отканалардын, отказандарын капиталдык оңдоодо тышкарыдан инвестиция тартуу жагы сунушталсын.
5. Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестирине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин Социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |