Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 8- чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2025-жылдын 23-декабры №14-2
С.Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аксакалдар соту жана аялдар кеңеши тарабынан той, мааракелерде чыгымдарды кыскартуу боюнча алып жаткан иштери жөнүндө
С.Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аксакалдар соту жана аялдар кеңеши тарабынан той, мааракелерде чыгымдарды кыскартуу боюнча алып жаткан иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Х.Байназарованын маалыматын угуп, сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин, суроо талаптарын эске алып,С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун жана аялдар кеңеши тарабынан аткарылган иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Х.Байназарованын маалыматы эске алынсын.
2.Айыл өкмөтүнүн тургундарына тойлордо, маркумду акыркы сапарга узатуудагы чыгымдарды азайтуу боюнча айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз алып баруусу айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына, көчө жана аялдар комитеттерине тапшырылсын.
3.Кылмыштуулукту алдын алууда МАЫӨ, жер-жерлердеги коомдук уюмдар, көчө комитеттери, аялдар кеңеши жана аксакалдар соту биргеликте кылмыштуулукту алдын алуу боюнча айыл тургундарына, мектеп окууларына кеңири түшүндүрүү иштерин алып баруусу колго алынсын.
4.Айыл аймагынын айылдарындагы той мааракелери мыйзамда белгиленген тартипте 22 00дө токтотуу боюнча айыл тургундарына кеңири түшүндүрүү иштерин алып баруу айыл башчыларына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестирине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социадык-маданий жана депутаттык этика маслелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |