Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 8- чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2025-жылдын 23-декабры №14-4
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4 - чейрегине карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин 4-чейрегине карата айыл аймагынын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн жана 2025-жылга индикативдик божомолуна жана 2025-жылдын 4-чейрегине жергиликтүү бюжетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы башкы эсепчиси Р.Базарбаевдин билдирүүсүн угуп, сессияга катышкан депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-чейрегине жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше бөлүгүнүн өзгөрүүлөрү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-чейрегине жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн кошумча каражаттарынын өзгөрүүлөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестирине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы башкы эсепчиси Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |