Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 23-январы №15-2
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Базарбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча корутундусунун негизинде айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Базарбаевдин маалыматы эске алынсын.
2.С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин жалпы көлөмү кирешелер, чыгашалар 68 млн 360 миң 700 сом менен бекитилсин. Анын бардыгы жергиликтүү бюджет экендиги белгиленсин. Айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар №1, №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.С.Юсупова айыл өкмөтүнүн нөөмөтчү автоунаасынын күйүүчү май каражаттарына 250,0 миң сом, кызматтагы (мектеп окуучуларыны ташуучу) кичи автобус жана унаа тетиктери каражаттарына 100,0 миң сом акча каражаты ажыратылсын.
4. Чыгымдарды каржылоо боюнча биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамактануу жана жеңилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарга каржылансын. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетине 670,0 миң сом каражат жайыт пайдалануучулар бирикмесинен түшүрүү белгиленсин.
6.С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван, Октябрь, Эрке –Кашка, Сүтхор айылдарына 4 айыл башчысы кармалсын.
7.Айыл өкмөтүнүн атайын эсебине (спец. счет) айыл өкмөтүнүн муниципалдык балдар бакчаларында тарбиялануучу балдардын ата-энелеринен балдарга тамак-аш үчүн кошумча 5 млн 200 жүз миң сом топтолуп түшүүсү белгиленсин.
8. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн администрациясы төмөнкүлөргө милдеттүү;
- эгерде бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө;
- кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүн эсебинен айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
- киргизилген өзгөртүүлөр С. Юсупова айылдык кеңеши тарабынан каралып, токтом кабыл алат.
9. Айылдык бюджетке чегерүүлөр кирешелерден алынуучу салык (подоход налог)боюнча 100%, жер казынасынан пайдалануу укугун берүү үчүн жыйын 7% жана роялти 50% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин. Патенттерден түшүүчү киреше, МФЖнин ижара акысы, кыймылсыз мүлк салыгы толугу менен 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
10. Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
11. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестирине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
12. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Базарбаевге, ал эми аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |