Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 23-январы №15-3
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин кирешесинин калдыгы жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин кирешесинин калдыгы 2026-жылдын 1-январына карата 4 млн 787 миң 400 сом, атайын эсептен 42,0 (кырк эки ) миң сом, бары болуп 4 млн 829 миң 400 жүз сом калдык калгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Базарбаевдин билдирүүсүн угуп, айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин киреше боюнча калдыгы 4 млн 829 миң 400 сом акча каражатын пайдалануусу 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата киреше боюнча калдыгын пайдалануусу боюнча Каржы министрлигинин Араван райондук финансы экономика башкармалыгына смета түзүп, тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестирине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |