Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 23-январы №15-4
С.Юсупова айыл аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан салыктарды жана МФ жерлерине таандык, ижарага берилген жерлердин ижара акыларын жыйноонун абалы жөнүндө
С. Юсупова айыл аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан салыктарды жана МФ жерлерине таандык, ижарага берилген жерлердин ижара акыларын жыйноонун абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Базарбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Юсупова айыл аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан салыктарды жана МФ жерлерине таандык, ижарага берилген жерлердин ижара акыларын жыйноонун абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Базарбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Айыл аймагындагы юридикалык жана физикалык тараптардан мыйзамда белгиленген салыктардын жана ижара акыларын өз убагында жыйноону камсыз кылууда МФ жерлерине ижарачылар менен түзүлгөн келишимдин негизинде ижара акыларын өндүрүүдө эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бардык чараларды көрүп, айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн туруктуу болушун камсыз кылып, чыгаша бөлүгүндөгү сарпталуучу каражаттарды даректүүлүгүн жөнгө салуу айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
3. Айыл аймагындагы салыктарды өндүрүүдө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен салык көзөмөлдөөчүлөрүнө көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерин зарыл болгон учурда пайдалануу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
4. Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестирине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |