Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 23-январы №15-5
С.Юсупова айыл аймагынын “С.Юсупова -Тазалык” муниципалдык ишканасынын элге кызмат көрсөтүүдө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн көлөмүн (баасын) бекитип берүү жөнүндө
С.Юсупова айыл аймагынын “С.Юсупова Тазалык” муниципалдык ишканасынын элге кызмат көрсөтүүдө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн көлөмүн (баасын) бекитип берүү боюнча муниципалдык ишканасынын башчысы М .Ризаевдин билдирүүсүн угуп, айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жана депутаттар тарабынан каралып, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин эсеке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынчы башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Юсупова айыл аймагынын “С.Юсупова Тазалык” муниципалдык ишканасынын элге кызмат көрсөтүүдө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн көлөмү (баасы) №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.“С.Юсупова Тазалык” муниципалдык ишканасынын элге кызмат көрсөтүүдө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн көлөмү (баасы) бекитилген №1 тиркемеге ылайык иш алып баруусу тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына “С.Юсупова Тазалык” муниципалдык ишканасынын элге кызмат көрсөтүүдө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн көлөмү (баасы) боюнча айыл тургундарына жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин алып баруусу тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестирине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын экономика,бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана “С.Юсупова Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Ризаевге жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |