Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 23-январы №15-6
“Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасына караштуу Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2026-жылга карата бюджетини жана 2026-жылдын иш-планын бекитүү жөнүндө
“Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасына караштуу ЖПБнин 2026-жылга карата бюджетини жана 2026-жылдын иш-планын бекитүү жөнүндө ЖПБнин төрагасы Ш.Тешебаевдин билдирүүсүн угуп, 2026-жылга карата бекитилүүчү бюджети жана 2026-жылдын иш-планы менен таанышып жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасына караштуу ЖПБнин 2026-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.“Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасына караштуу ЖПБнин 2026-жылга карата аткаруучу иш-планы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Жайыт жерлери үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети ЖКнин төрагасы Ш.Тешебаевге жүктөлсүн.
4.Бекитилген иш-планы боюнча иш алып баруу жагы ЖКнин төрагасы Ш.Тешебаевге тапшырылсын.
5.Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестирине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Ак ниет-Араван” муниципалдык ишканасынын жекетчиси С.Нурдиновго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |