Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 23-январы №15-7
С.Юсупова айыл аймагынын Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндө жайгашкан (мурдагы күнөскананын жер тилкеси) жалпы жер аянты 8,0 га болгон жер тилкесине “Мамлекеттик ипотекалык Компания” ААК тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү курууга макулдук берүү жөнүндө
С.Юсупова айыл аймагынын Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндө жайгашкан (мурдагы күнөскананын жер тилкеси) жалпы жер аянты 8,0 га болгон жер тилкесине “Мамлекеттик ипотекалык Компания” ААК тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү курдуруу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске улуу менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесин жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл аймагынын Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндө жайгашкан (мурдагы күнөскананын жер тилкеси) жалпы жер аянты 8,0 га болгон жер тилкесине “Мамлекеттик ипотекалык Компания” ААК тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү курууга макулдук берилсин.
2. С.Юсупова айыл аймагынын Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндө жайгашкан (мурдагы күнөскананын жер тилкеси) жалпы жер аянты 8,0 га болгон жер тилкесине “Мамлекеттик ипотекалык Компания” ААК тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү курууга макулдук берүүдө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен белгиленген тартипте макулдук берүү жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестирине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин Агрардык, турак-жай муниципалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |