Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 23-январы №15-8
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2026-2029-жылдарга карата социалдык–экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2026-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы менен айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан таанышылып чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2026-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2026-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2026-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестирине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |