Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2026-жылдын 23-январы №15-9
С.Юсупова айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-августундагы 8-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясында кабыл алынган № 9-5 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн кароо жөнүндө
С.Юсупова айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-августундагы 8-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясында кабыл алынган №9-5 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-39-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 665 токтомун жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Юсупова айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-августундагы 8-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясында кабыл алынган № 9-5 токтомуна № 1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2.С.Юсупова айыл аймагындагы ички чарбалар аралык арыктар жана каналдарды Райондук суу чарба башкармалыгынын эсебине акысыз өткөрүп берүүсүнө №1 тиркемеге ылайык макулдук берилсин.
3.С.Юсупова айыл аймагындагы ички аралык арыктар жана каналдарды Райондук суу чарба башкармалыгынын эсебине өткөрүп берүүдө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтүнүн балансынан РСЧБ на өткөрүп берүү жагы тапшырылсын.
4.Ушул токтом катталсын, расмий булактарда жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестирине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |