Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2026-жылдын 23-январы №1/7
Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2026-жылга
карата иш планын бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын 2025-жылга карата туруктуу комиссияларынын иш пландары боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34, 37-беренелерин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2026-жылга карата иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (иш план тиркелет).
2. Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларына кабыл алынган иш план боюнча айыл өкмөтү менен биргеликте иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |