Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2026-жылдын 27-январы №1/8
Керме-Тоо айыл аймагындагы негизги С. Эшматов көчөсүнүн жол четиндеги бак дарактарды кыюу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңеши күн тартибине коюлган маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу негизги С. Эшматов көчөсүнүн жол четиндеги тал-теректерди кыюу жана жол четин кеңейтүүнү колдоо иретинде Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясытөмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн негизги С. Эшматов көчөсүнүн жол четиндеги тал-теректерди кыюу жана жол четин кеңейтүү демилгеси жактырылсын.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн негизги С. Эшматов көчөсүнүн жол четиндеги тал-теректерди кыюу жана жол четин кеңейтүүдө тал-терек ээлерине эскертүүлөр берилип, туура түшүндүрүү иштери жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |