Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2026-жылдын 27-январы №1/10
Суу ташуучу унааларды баланска алуу жана айдоочулардын маянасын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, Ош облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен алынып берилген суу ташуучу уналарды баланска алуу жана айдоочулардын айлык маянасын Керме-Тоо айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынынкезектеги I сессиясынын олтуруму маселени карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен алынып берилген суу ташуучу унааларды айыл өкмөттүн балансына алууга макулдук берилсин. Гүлбаар айылын таза сууга болгон муктаждыгын эске алып, суу тооктогон мезгилдерде
- Суу ташуучу унаалардын айдоочуларына келишимдин негизинде 25 000 (жыйырма беш) миң сомдон айлык маянасы бекитилсин.
2. Суу ташуучу автоунаалардын тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |