Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2026-жылдын 27-январы №1/11
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Жеңиш участкасынын тургуну М. Алибаевдин арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибиндеги коюлган маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Жеңиш участкасынын тургуну Максатбек Алибаевдин Керме-Тоо айыл өкмөтү тарабынан берилген жеке менчик 900,0 кв.м. болгон калкка кызмат көрсөтүү 2005-жылдын 18-февралында №21-а чечимин, кайра пландаштыруу менен турак жай багытына которуп берүү боюнча арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октярындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Жеңиш участкасынын тургуну Максатбек Алибаевдин Керме-Тоо айыл өкмөтү тарабынан 2005-жылдын 18-февралында берилген жеке менчик 900,0 кв.м. болгон калкка кызмат көрсөтүү №21-а чечимин, идентификациялык коду 5.02.04.1001.0992 кайра пландаштыруу менен турак жай багына которуп берүү боюнча арызы канааттандырылсын.
2.Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Жеңиш участкасынын тургуну МаксатбекАлибаевдин Керме-Тоо айыл өкмөтү тарабынан берилген жеке менчик 900,0 кв.м. болгон калкка кызмат көрсөтүү №21-а чечимин, мыйзамдуу тарабын кароо кайра пландаштыруу менен турак жай багытына которуу жана тийиштүү болгон иш кагаздары даярдап берүү Керме-Тоо айыл өкмөтүнүнө жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |