Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2026-жылдын 27-январы №1/12
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Манас -1 көчөсүндөгү 160-кВА электр чордонун Араван РЭТ нын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Манас-1 көчөсүндө жайгашкан 160 кВА электр чордонун Араван РЭТ нын балансына өткөрүү боюнча маселени талкуулап Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Манас-1 көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, жергиликтүү жашоочуларды калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 160 кВА электр чордонун Араван РЭТ нын балансына өткөрүп берүү боюнча макулдук каты канааттандырылсын.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Манас-1 көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, жергиликтүү жашоочуларды калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 160 кВА электр чордонун Араван РЭТнын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Манас-1 көчөсүндөгү жергиликтүү жашоочуларды калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 160 кВА электр чордонун Араван РЭТ нын балансына өткөрүүдө тийиштүү иш кагаздары Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |