Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2026-жылдын 23-январы №1/13
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар муниципалдык ишканасынын 2025-жылга аткарылышы жана 2026-жылга бюджетин
бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар муниципалдык ишканасынын 2025-жылга аткарылышы боюнча маалыматы жактырылсын.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар муниципалдык ишканасынын 2026-жылга бюджети киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар муниципалдык ишканасынын тиркемеге ылайык 2026-жылга сметасы бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |