Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 10-апрелиндеги №2
«Таза сууга жыйналган акча каражатын ЖЧК “Мусай” ишканасына
которулуп берүү жөнүндө»
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Арык Таза - Суу ишканасынын балансында турган 1 067 000 (бир миллион алтымыш жети миң) сом элден жыйналган акча, Бүргөндү аймагын таза суу менен камсыздоо үчүн даярдалып жаткан ДСДга ЖЧК “Мусай” ишканасына которулуп берилсин.
2.ЖЧК “Мусай” ишканасы менен иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Н.Мадалиев |