Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 11-июлу № 7/2
Кыргыз Республикасынын аймагында “Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоору менен ишке ашып жаткан Баш-Булак айыл аймагына караштуу Баш-Булак айылындагы № Н.96 Н.Примбердиев атындагы орто мектебинин имаратынын жаны курула турган жер аянтын курулуш долбооруна шайкеш келтирүү жөнүндө
Баш-Булак айыл аймагындагы №96 Н.Примбердиев атындагы орто мектебинин жанында жайгашкан суу кампанын 4526 чарчы метр жер аянты жаны курулуучу мектептин “Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынын серия “Б” №012907 мамлкеттик актынын жер аянтына кошуп берүү максатында Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл аймагындагы №96 Н.Примбердиев атындагы орто мектебинин жанында жайгашкан суу кампанын 4526 чарчы метр жер аянты жаны курулуучу мектептин “Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катто боюнча башкармасынын серия “Б” №012907 мамлкеттик актынын жер аянтына кошуп берилсин
2. Жер участогуна болгон укугун каттап, укугун күбөлөндүрүүчү документтерди берүү жагы “Кырыгз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер Ресурстары, Кадастр, Геодезия жана Картография боюнча Мамлекеттик Агенттиктин” Кара-Суу филиалынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча депутаттык туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |